Коррупцияга каршы аракеттенүү
2025- жылдын 23- январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнин С. Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин жетекчиси
Н.Р. Омбаева, КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгын, "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана КР Министрлер Кабинетинин Торагасынын орун басары К.Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган жыйынында көрсөтүлгөн маселелерди аткаруу максатында, окуу жайдын окутуучулар жана кызматкерлер арасында коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы позитивдүү маданиятты калыптандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу максатында кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде: Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн негизинде, окуу жайда коррупцияга каршы саясат программасы кайра карап чыгуу, аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу бөлүмдөрдө, окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча студенттерге анонимдүү сурамжылоо уюштуруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча маселелер каралды.
2025-01-23